<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><author>Апизахан Конкайтиева, Ырыс Чо</author>
<lyrics>[V1]
 Дыбырап жааса жамгыр,
 Сергитет сезимимди.
 Каалгып ак булуттар,
 Жаркытат көңүлүмдү.

[V2]
 Кулаган тамчыларга,
 Чөптөр да сүйнүшөт.
 Үлбүрөп назик гүлдөр,
 Ийилип жүгүнүшөт.

[C1]
   Асмандан жааган жамгыр,
   Арылтсын жерди кирден.
   Аруулап жууп берчи,
   Өмүрдү Өзүң билген.

[V3]
 Теңирим тазалачы,
 Элиңди Өзүң сүйгөн.
 Теңирим тазалачы,
 Элиңди Өзүң сүйгөн.

[V4]
 Ыргактуу шыбырлары,
 Ырымды коштоп кетти.
 Жүрөктө бугуп жаткан,
 Сырымды козгоп кетти.

[V5]
 Көчпөй тур булуттарым,
 Жамгырың тазаласын.
 Буулуккан көздүн жашы,
 Кошулуп ага алсын.</lyrics>
<title>Жамгыр</title>
</song>